www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия менен АКШнын делегацияларынын эртең (27-февралда) Стамбулда элчиликтердин ишин талкуулай турганын билдирди. Бул тууралуу трт.нет кабарлады.
Сергей Лавров Катардын борбор шаары Дохага сапарынан кийинки маалымат жыйынында АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнө токтолду.
Лавров АКШ менен Орусиянын делегацияларынын эртең жолугушуп, элчиликтердин ишине байланыштуу маселелерди талкуулай турганын айтты.
Орус министри Лавров: «Бул жолугушуу эртең Стамбулда болот»,-деди.
Лавров: «Дипломаттарыбыз жана жогорку даражалуу адистерибиз жолугуп, АКШнын Москвадагы элчилигинин ишиндеги ыңгайсыздык жараткан көйгөйлөргө байланыштуу темаларды талкуулай турганын жарыялаганбыз, алар АКШнын мурдагы администрациясынын Орусия элчилигинин ишмердүүлүгүнө жасалма тоскоолдуктарды түзүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасы болгон жана биз табигый түрдө жооп кайтарганбыз», - деди.