www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киевде 2 миңдей адам президент Владимир Зеленскийдин бийликтен кетишин талап кылган митингге чыгышты.
Буга президенттин 1-декабрдагы кайрылуусунда Украинанын Чыгышындагы согушту токтотуу үчүн Москва менен сүйлөшүү тууралуу айтканы негиз болду.
Митингчилер Зеленскийдин сөзүн “улуттук кызыкчылыкка каршы чыккынчылык” катары кабыл алышты.
Алар президенттин кеңсесин жетектеген Андрей Ермакты жана Зеленскийдин башка өнөктөштөрүн «Орусиянын таасириндеги тыңчылар» деп сыпаттап, бийликтен кетүүнү талап кылышты.
Парламентке кайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский жаңжалды токтотуу үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгесин көтөрдү.
Орусия жаңжалды колдобой турганын Кремль көптөн бери айтып келет. Азыр ал позициясын ырастап, Украинадагы абалды жарандык согуш деп сыпаттады.
Киевдин борбордук бөлүгү бөгөттөлүп, полиция өкмөттүк кварталга жана президенттик кеңсеге кеткен жакын жолдорду жапты.
Борбордун коопсуздугун 4 жарым миңдей аскер күчтөрү күзөтүп турганын бийлик өкүлдөрү билдирди.
Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын өлкөнүн Кремлге жакын президенти Виктор Янукович бийликтен куулгандан кийин аннексиялап алган.
Москва ошондой эле Украинанын Чыгышындагы козголоңчу жикчилдерди колдоп келет. Бул согуштан өткөн 7 жылда 14 миңге чукул адам каза болгон.
Украина менен Батыш Орусияны жикчилдерге аскерлерин жана курал-жарактарын жиберүүдө деп айыптаган.
Москва дооматты четке кагып, жикчилдерге кошулган орустарды ыктыярчылар деп атаган.
Булак: NazarNews.kg