www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин иш башкармалыгы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бириккенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө" жарлыгына мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, президенттин иш башкармалыгы жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы түзүлөт.
Аталган башкармалык президенттин, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин, президенттик администрациянын жана Жогорку Кеңеш аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.
Булак: NazarNews.kg