www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сатуудан түшкөн салыкты көбөйтүү максатында мамлекеттик лотерея ойнотуу ыкмасы колдонулат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламентте билдирди.
Жыйында депутат Дастан Бекешев элге чек чогултууга стимул берүү керектигин айтты.
"Мен муну 2012-жылдан бери айтып келе жатам. Мисалы, беш автоунаа, телефон, телевизор сатып алып улуттук лотереяны киргизиңиздер. Аны жыл аягында өткөрүш керек. Ошондо жарандар дүкөндөрдөн чек талап кылып чогултуп калмак. Ал чек автоматтык түрдө лотерея болуп эсептелет. Ошондо сатуу салыгынан түшкөн каражат болуп көрбөгөндөй көбөймөк", — деди Бекешев.
Амангелдиев мамлекеттик лотерея ойнотуу боюнча токтом долбоору учурда даяр экенин айтты. Мындан сырткары, кэшбэк (бонус) чогултуу каралууда. Мында чекте көрсөтүлгөн сумманын сатуу салыгынан түшкөн бөлүгүн кайтарып берет.
Министр ушул эки ыкманы элге жайылтуу боюнча маалыматтык кампания жүргүзүү үчүн каражат бөлүнгөнүн да белгиледи.
Булак: NazarNews.kg