www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана Германия Киев менен бир катар өлкөлөрдүн каалоосуна карабай Украинанын НАТОго киргизүү процессин баштоону токтото турат. Бул туурасында РИА НовостиForeign Policy журналына шилтеме кылып жазды.

Басылма бир катар өлкөлөр — Чыгыш Европа мамлекеттери экенин белгиледи.

"Украина жана анын өтө берилген тарапташтары НАТОнун Киевди аскердик альянстын мүчө болушуна ири саммитте расмий чакыруу жасоого түртүп жатышат. Анткен менен мындай аракет АКШ, Германиянын көшөгө артындагы олуттуу каршылыгына тушукту", — деп жазылган макалада.

Басылманын маалымдашынча, Польша жана Балтика боюндагы мамлекеттер НАТО Украинаны кошуп алып кеңейишин жана "Россиянын Чыгыш Европада дымагынын түшүргөн" ыкманы көрүп жатат. Бирок альянстын Батыштагы бир катар өкүлдөрү, өзгөчө Вашингтон, Берлин Украинадагы согуш уланып жатканда Киевди кабыл алуу процессин баштоо ашыккан кадам деп эсептешкен.

"АКШ менен Германия Украинага берилип жаткан аскердик, экономикалык жардамдын башкы донорлору. Эки мамлекеттин расмий өкүлдөрү Киев акыры НАТОго кириши керектигин, бирок мүчөлүк азыр болбой турганын айтууда", — деп жазган журнал.

Маалымат булагынын билдиришинче, эки өлкө тең НАТОго киргизип алуунун ордуна Украинага курал жана ок-дары жөнөтүүгө белсенип турат. Аргументтердин бири катары Киев альянска кошулгандан кийин Россия менен НАТО кагышып, өзөктүк согуш чыгып кетүү кооптуулугу турганы айтылды. Ал эми процесстин тезирээк болушун каалагандар куралды азыркыдай байма-бай берип турбай, "узак убакытка үнөмдөө" болорун айтышкан. Муну менен катар эле 2024-жылдын ноябрында өтчү президенттик шайлоодо Дональд Трамптын жеңип кетүү ыктымалдыгы өсүүдө. Тагыраагы, эгерде ал Ак үйгө кайтып келсе, Украинаны НАТОго киргизүүгө башын оорутпайт, бул маселе кеминде төрт жылга ары жылат.

НАТОнун июнда Вашингтондо өтчү саммитинин алдында, январда, америкалык жана европалык парламентарийлер Мамлекеттик департаментте сүйлөшкөн.

"АКШ дипломаттары европалыктарды Киевдин НАТОго мүчөлүгүн ички карама-каршылыктарды ачыкка чыгарат жана Россия кыска мөөнөттө Украинадагы аскердик аракеттерин күчөтөт деген сактануудан улам саммиттин күн тартибиндеги маселеге айлантпоого чакырышты", — деп жазылган журналда.

2022-жылдын сентябрында Зеленский Украина НАТОго тез арада кирүү үчүн арыз берерин билдирген. Анткен менен НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин атайын операция учурунда Украинанын альянска толугу менен мүчө болушу мүмкүн эместигин айткан жайы бар.

РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Кремль Зеленскийдин НАТОго кирүү өтүнүчү туурасында кабардар экендигин жана ага ар кыл реакцияларды уккандыгын билдирген. Аны айтымында, Москва кырдаалга көз салып турат, Киевдин аскердик альянска умтулганы Россиянын Украианадагы атайын операциясын баштоого себеп болгон. Президент Владимир Путин 2022-жылдын июнь айында Украинанын Евробиримдикке мүчө болуу ыктымалдыгы жөнүндө кеп кылып жатып, Россиянын буга каршылыгы жоктугун, себеби ал аскердик блок эместигин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости