www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элден келишип биздин кийиктерди кырып кетип жатышат. Жакында парламентте кийиктерди атууга мораторий жасоо боюнча мыйзам каралды. Кээ бир кыргыздарга эмне эптеп капчыктарына акча түшсө болду, анча-мынча акча төгүп чет элдиктер каалашынча оюнга батып биздин кийиктерди кырып кетип жатышат. Депутаттар ушуларга мораторий жасайлы деп туура демилге көтөрдү. Кийикти сактап, атууга Көтани сыяктуу атууга  кумарпоздордун мылтыгын чынжырлап койсо.

Кыргызстандыктар кийик кыргандардан тажап бүтүштү

Нарын, Көлдʏн жергиликтүү калктары кийикке виза алышып, вертолет менен кыргандардан тажап бүтʏштү. Учурда  Нарын облусу 24, Ысык-Көл облусу 18 аңчылык жайларына бөлүнгөн. Борбордон бир-эки мергенчи кийик атууга кумарпоз «сөрөй» чет элдиктер менен Кыргызстандагы 74 аңчылык чарбаларынын дээрлик 50сүн эки облустун кайберенин тытмалап жатышыптыр. Мынчалык сандагы “кулжа-аркар” куруткучтар кайдан чыга калды жана жер-жерлерге канчалык деңгээлде пайдасы тийип жатат? Аңчылык чарбаларда Бишкектик бирин - экин аӊчы «аткычтыгына» таянышып, аркар-кулжа, эчки-текелерди чет элдиктерге мыйзамдуу аттырып, капчыктарын кампайтып жатышат. Эми кур дегенде ошол капчыгыңардан бөлүшкүлө, ал үчүн жергиликтүү бийлик менен кеңешип иш алып баргыла десе, булар күбөлүктөрүн көтөрө чабышып, бийлик биздин түбүбүзгө жетмей болду деп кан какшашат.

Кыргызстанда азыр 20 миңдей аркар-кулжа, 50 миңдей эчки-теке калганы айтылат. Бул сан бир топтон бери айтылып келатат. Мамлекет былтыртан баштап жаратылышка мыйзамсыз зыян келтиргендерге катуу чараларды көрө баштады. Азыр аркар-кулжа атсаң 400 миң сом айып пул тартасың. Ал эми илбирске мылтык кезесең, бүттүң дей бер, жарым миллион сом төлөйсүң. Ошол эле учурда бизде бир кулжага берилчү лицензиянын наркы 5 миң доллар турса, коңшу Тажикстанда 9 миң доллар турат. Тажикстандын тоо шарты, аңчылык потенциалы биздей эле. Бирок аларда болгону 4 гана аттуу-баштуу аңчылык чарбалары иштейт.

Жакында, жанагы Көтани сыяктуу кийик аткыч «сөрөйлөргө» Нарын, Ысык-Көл облустарындагы аңчылык кылуучу жайларды конкурс дешип, бөлүштүрмөк болушкан. Чындыгы, Ысык-Көл, Нарын облустарынын өкүлдөрү буга макул эмес. Өткөрсөңөр, борбордо эмес, ошол аңчылык кылган жерлердин ээси болгон жергиликтүү бийликтин катышуусунда жер-жерлерде өткөргүлө-дешүүдө. Эми конкурска коюлуп жаткан аңчылык кылуу жайларынын жайгашышын карап көрсөк, анын 2 млн  67 миң 612,4 гектар жери Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа районунда, 1 млн  420 миң  539,1 гектар жери Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда жайгашыптыр. Алар конкурс жарыялап, андан уткан аңчылык чарбалары чет элдиктерге жанталашып аттыра албай жаткан аркар-кулжа, эчки-текелер негизинен ушул 5 гана райондо калыптыр. Ал эми Кыргызстандын башка облусунда аркар-кулжалар калбай калган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 74 аңчылык чарбалары катталган. Былтыр Кыргызстандагы жалпысы 7 млн 900 гектар корук аянттарын болгон-бүткөнү 122 мамлекеттик егер кайтарат деп айтылчу. Алардын да айлыгы жарыбаган акча.

Бул жердин чиновниктеринин көздөгөнү пайда. Чет элдиктер болбосо дагы көңүл ачкысы келген чиновниктерди, учагы калдаӊдап учкан экс-депутаттарды бир «чартаңбай» тептиргенге дайым даяр. Аны менен кыйла жеке маселесин да чечип алса да болот. Былтыркы жылы аңчылык чарбаларынын аркар-кулжаларды чет элдиктерге аттыруудан тапканы 31 млн сомду түзгөн. Арийне, мылтык көтөргөнү эле кайберенге тап берип, анын айынан көзгө басар сыймыгыбыз ак илбирс да жемсиз калып тукум курут болуп бараткан (болгону 300дөй калыптыр делет) бүгүнкү шарттарда аркар-кулжа, эчки-теке атканга толук мораторий жарыялап койгонго неге болбосун?! Ошондо аркар-кулжабыздын саны да калыбына келет эле, ак илбирстин да саны өсмөк. Айрым лоббистер, «карышкыр аткычтар» «аларды башкалар тартып кетишет, ансыз деле ошончо кулжаны карышкыр жеп кетет» деген жүйөсүн айтышууда. Кыргыз жашап турганда аңчылык кумары өлбөйт, бирок «карышкыр аткычтардай» болуп кумарланып ата бербей, кайберенди курутуп жибербей, санын арбытып алсак болмок. Ал эми карышкырга келсек, жыл сайын ошол эле облустар «баланча малды карышкыр жеп кетти, ок-дары керек, каражат керек деп» кокуйлап жүргөнүн көрөсүң. Андайда алиги жер жайнаган аңчылык-чарбаларын, Бишкектеги аӊчы сөрөйлөрдү сыйпалап таппай калабыз.

Илгери кийикке бир гана кеч күздө кийик семирип, болуп-толуп турганда чыгышкан. Ошондо да мүйүздөрү каркайган кары-картаңдарын атышчу. Калган учурда тийишчү эмес. Муну жазылбаган мыйзамдай көрүшчү. Жакында аңчылык сезону башталат. Ошого тытышып жатат булар. Айталы, аркар-кулжаларга 15-августтан 1-декабрга чейин, андан кийин 15-январдан 1-мартка чейин уруксат берилет. Демек, бир жылда эки маал. Биринчисине, аргасыздан макул эле дейли. Ал эми экинчи сезону (15-январдан 1-мартка чейин) талаш туудурат. Анткени, бул маалда аркары бооз, кулжасы арык болот. Деги эле, кыргыз баласы бул мезгилде аңчылыкка чыккан эмес. Өзү чыкпагандан кийин өз маданиятын башкаларга да жайылтып, жанагы кулжанын мүйүзү үчүн келип жаткандарга бул мезгилде атканга жол бербей койсо болмок. Негизи, кулжаны аткан киши да күзүндө атып, кумарга батса кандай жакшы. Аны сөз менен түшүндүрүү кыйын. Бир мергенчи көзү өтүп баратып, “Ак милтенин жыты ай, аркардын кылдуу кара шорпосу ай” деп арман кылган экен. Анын сыңарындай келген чет элдикке кулжаны семиз кезинде аттырып, мүйүзүн маа десе башына жазданып жатсын жанына байлап берип, ал эми этинен «таш-кордо» баштаган толтура улуттук тамактарды жасап берсе, ал неме айланып эле кетпей калмак Ала-Тообуздун атам замандан бери көркү болуп, берекесин арттырып келген аркар-кулжаларга бир топ жылдарга атканга тыюу салып, бийликте болобу оппозицияда «карышкыр атууга кумарпоздордун» мылтыгын чынжырлап койсо...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости