www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Акыркы убактарда жумушка орношуу абдан оор болуп калды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Кыргызстанда азыркы убакта билим сапаты начарлап кетти. Ошого байланыштуу мыкты кадрларды табуу кыйын. Бирок айрым мыкты адистерибиз чет жака кетип жатканы абдан өкүнүчтүү. Бир жагынан аларды түшүнсөк болот. Себеби айлык аз. 10 миң алган акчалары эч нерсеге жетпейт. Ошого байланыштуу көбү кетип калышты. Чет өлкөдө кээбир жүргөн кадрларыбыз мекенине кайтып келип жатканы абдан кубандырат. Эми ошолорду кызматка алып, билимдерин пайдаланып калышыбыз керек. Акыркы убактарда жумушка орношуу дагы абдан оор болуп калды. Тааныш-билиш жана акча чечип калды. Ошондуктан биз бул адаттан арылып, туура жолго багыт алсак дейм. Жетекчилик кызматтарга таза адамдарды тажрыйбасына карап конкурс аркылуу тандап алсак болот”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости