www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун аймагындагы авариялык абалдагы социалдык объекттердин абалы көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин ЖМКда, социалдык тармактарда чагылдырылган Лейлек аймактык ооруканасынын психонаркология бөлүмүнүн жана Булак-Башы орто мектебинин абалын облус жетекчилиги көзөмөлүнө алды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү аталган имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү же кайра курууну өкмөттүн капиталдык салымдар беренесине киргизүү, алдыдагы жылдарда курулуучу капиталдык курулуштардын титулдук тизмесине кошуу боюнча сунушун даярдоодо.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасына ылайык, бардык район-шаарлардын аймагындагы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка бардык социалдык объекттердин абалын тактоо, өкмөткө сунуштоо жана кошумча каржы булактарын табуу иш-чаралары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен облуста 12 социалдык объекттин капиталдык курулушу, 4 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости