www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун аймагында белгисиз адамдар тарабынан мыйзамсыз курал сактап, аны мыйсамсыз түрдө сатып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

"Бул маалымат КЖБРге КРнын  Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү ) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, Баткен ОИИБнын Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө аракеттеринин негизинде Баткен облусунун жашоочусу 58 жаштагы Т.С. эч кандай тиешелүү документтери жок, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир даана сайлуу ок атуучу куралын, ИЖ-56 “Белка” эки стволдуу ок атуучу куралын, беш даана 28 калибрдеги гильзалары жана бир даана аңчылык бычагын саткандыгы аныкталган.  

Соттон тинтүү жүргүзүү уруксаты менен 58 жаштагы Т.Снын жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөн мезгилде сактап жүргөн бир даана 1953-жылы чыгарылган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү үстүндө оптикасы бар сайлуу ок атуучу куралы, бир даана ВЗ-1 үлгүсүндөгү пневматикалык ок атуучу куралы жана 6 даана 7,62х39 үлгүсүндөгү октору далил буюм катары алынган.  

Баткен ОИИБнын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Т.Снын кылмыштуу шериги 39 жаштагы Ш.У. экендиги аныкталды. Ш.У. аттуу шектүүнүн  жашаган турак үйүнө тинтүү жүргүзгөндө бир даана  ТОЗ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын, 1953-жылы чыгарылган СКС үлгүсүндөгү ок атуучу куралын жана 7,62х39 SP үлгүсүндөгү жалпы 28 даана октору менен сактап жүргөн жеринен аныкталып алынган.

Жалпысынан далил буюм катары 6 даана ок атуучу курал, 42 даана октор жана 1 даана аңчылык бычагы алынып,  тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Ал эми шектүү катары кармалган Т.С. менен Ш.У. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости