www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу кийинки аптанын бейшемби күнү Министрлер кабинетин парламентке келип, соңку учурлардагы өлкөдөгү жагдайлар боюнча маалымат берүүгө чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраагы, коомчулукта, айрыкча эки күндөн бери парламентте Министрлер кабинетинин жасап жаткан иштерине карата нааразычылыктар көп айтылып жатканын белгилеген Төрага: “Өлкөдөгү социалдык жана башка багыттагы олуттуу маселелер боюнча Министрлер кабинетинин толук курамы келип депутаттардын суроолоруна жооп беришсин”,– деди. 

 

Последние новости