www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдагы кыргызстандыктарга айрым шаарларда уланып жаткан көчө демонстрацияларына байланыштуу сак болууну эскертет.
Министрлик Кыргызстандын жарандарына массалык иш-чараларга, нааразычылык акцияларына катышуудан алыс болууну, жанында жеке өздүгүн тастыктаган документтерди алып жүрүүнү, ошондой эле иммиграциялык статусу менен уруксат берүүчү документтеринин мөөнөтүн үзгүлтүксүз текшерип турууну сунуштайт.
Зарыл болгон учурда АКШдагы Кыргызстандын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылуу сунушталат.
Тез байланыш үчүн телефон номурлары:
АКШдагы Кыргызстандын элчилиги (Вашингтон): +1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-29-24
Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу: +1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42
Кыргызстандын ТИМдин Консулдук департаменти: +996 999 312 002