www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусундагы аймактык башкармалыгы тарабынан Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагында көмүр казуу ишин жүргүзгөн “Шанси Коал Инвестмент Групп” ЖЧКсына текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталып, аталган ишканага 17 000 (он жети) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн 2024 –2025-жылдарга карата 1 484 280 сом (бир миллион төрт жүз сексен төрт миң эки жүз сексен) сом төлөө боюнча жазма буйрук берилип, аны аткаруу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.
Бул чаралар Кыргыз Республикасынын жер, суу мыйзамдарынын талаптарын камсыз кылуу максатында көрүлдү.