www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2025-жылдын 28-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Индиядан Нипах вирусуна сезимтал жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияны алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.
Бул чаралар Нипах вирусунун катталышына байланыштуу жана өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Нипах вирусу кооптуу зооноздук инфекция болуп эсептелет жана ал жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн. Кызмат жарандарга келип чыгышы белгисиз жаныбарлардан алынган продукцияларды сатып алуудан алыс болууну жана ветеринардык коштоочу документтердин бар-жогуна өзгөчө көңүл бурууну сунуштайт.
Учурдагы кырдаал Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын туруктуу көзөмөлүндө турат.