www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр өлкөдө энелердин өлүмүнүн саны өскөн

2025-жылы Кыргызстанда энелер өлүмүнүн өсүшү катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча кеңешмеде министр Каныбек Досмамбетов билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде 48 учур катталган (100 000 тирүү төрөлгөнгө 34,8), бул мурунку жылга салыштырмалуу 35,4 пайызга жогору (2024-жылы 36 учур же 25,7).

"Энелердин жана балдардын өлүмү саламаттык сактоо системасынын абалын чагылдырган маанилүү көрсөткүчтөр болуп саналат жана аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо артыкчылыктуу багыт болушу керек", - деди ал.

Министр энелер өлүмүнүн өсүшүн "башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн олуттуу белги" деп атап, бир жуманын ичинде тийиштүү чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды. Ал антенаталдык көзөмөлдүн стандарттарын сапатка басым жасоо менен кайра карап чыгуу, алгачкы звено менен стационарлардын санариптик байланышын күчөтүү, ошондой эле өзгөчө тобокелдик тобундагы кош бойлуу аялдарды так маршрутизациялоо зарылдыгын белгиледи.

Телемедициналык кеңеш берүүлөрдү кеңейтүү жана пренаталдык скринингди киргизүү тапшырылды. "Оорулардын алдын алуу, өз убагында ооруканага жаткыруу жана квалификациялуу жардамга жеткиликтүүлүк артыкчылык болушу керек", — деп баса белгиледи министр.

Последние новости