www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореянын мурдагы биринчи айымы коррупцияга байланыштуу айыпталып, 20 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу YTN телеканалы кабарлады.
Биринчи инстанциядагы сот Корея Республикасынын мурдагы биринчи айымы Ким Гон Хини антикоррупциялык мыйзамдарды бузган деп таап, бир жыл сегиз айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Ал кымбат баалуу белектерди алган деп айыпталган.
Маалыматка ылайык, «Биригүү чиркөөсү» деп аталган секта Ким Гон Хиге шаман Чон Сон Бэ аркылуу эки сумка жана 80 миллион вондук шуруларды белек кылган. Сот баалуу шуруларды конфискациялоо тууралуу чечим чыгарды. Ошондой эле Ким Гон Хи 12,8 миллион вон өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.
16-январда биринчи инстанциядагы сот Ким Гон Хинин жолдошу, мурдагы президент Юн Сок Ёлду камакка алууга тоскоолдук кылган деген иш боюнча күнөөлүү деп таап, аны беш жылга эркинен ажыраткан.
Өткөн жылы «Биригүү чиркөөсү» саясатка кийлигишкен деген чуу жараткан жаңжалдын борборунда калган. Аталган уюмду оппозиция жана бийликтеги партия менен байланышы бар деп шектенишүүдө.