www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, 24-январь күнү Индонезияда болгон жер көчкүдөн каза болгондордун саны 50гө жетти, дайынсыз жоголгон ондогон кишини издөө-куткаруу иштери улантылууда.

Kompas TV каналы ыңгайсыз аба ырайына карабастан издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын, аймакка ондогон оор техникалардын жана көзөмөлдөөчү аппараттардын жайгаштырылганын билдирди.

Индонезия деңиз флотунун башкы штабынын төрагасы Мухаммед Али дүйшөмбү күнү аймакта машыгуу учурунда 23 аскердин жер көчкү астында калганын билдирди. Төрт аскердин каза болгону тастыкталса, 19 аскердин дайынсыз экендиги белгиленди.

Ишемби күнү Батыш Бандунг аймагындагы айылдардын биринде болгон жер көчкүдө ондогон үй ылай жана уранды астында калды.

Рельефи татаал болгон бул аймакта куткаруу иштери уланууда.

Последние новости