www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын жалпы көлөмү 2026-жылдын 1-январына карата 300,8 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын башына салыштырмалуу накталай акчанын көлөмү 51,8 миллиард сомго же 24,4 пайызга көбөйгөн.
Жалпы сумманын 36,2 миллиард сому коммерциялык банктардын кассаларында болсо, 264,6 миллиард сому банктык системадан тышкаркы калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин колунда болгон.
Өткөн жылдын төртүнчү чейрегинде коммерциялык банктардын кассаларына 1 триллион 680,2 миллиард сом түшүп, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 18,7 пайызга көп болду.
Ал эми банктардын кассаларынан 1 триллион 692,6 миллиард сом берилген. Бул көрсөткүч жылдык эсепте 19,1 пайызга өскөн.
Отчеттук мезгилде коммерциялык банктардын кассаларына накталай акчанын кайтарымдуулук көрсөткүчү 99,3 пайызды түзүп, өткөн жылдын төртүнчү чейрегиндеги деңгээлден бир аз төмөн болду.