www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким Чен Ын өз элинен эмнеге кечирим сурады?

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзүнүн жакшы жетекчи эмес экенин моюндап, элинен кечирим сурады. Андан соң элдин ишенимин актоо үчүн "жанын берүүгө даяр" экенин айтты. Бул тууралуу жергиликтүү Борбордук телеграфтык агенттикке шилтеме берип РИА Новости жазды.

Мындай сөздөрдү ал "Эмгек" партиясынын 75 жылдык мааракесинде сүйлөп жатып айткан.

"Мен ар дайым жарандардын асмандай кенен, көлдөй терең ишенимине ээ болуп келем. Бирок ушул убакка чейин силерге жооп бере алган жокмун. Бул үчүн мага кечирим жок. Бүгүнкү улуу күндө силерге эмне сөз айтарымды көпкө ойлондум. Жыйынтыгында "рахмат" дегенден башка сөз жок экенин түшүндүм. Менин дагы деле күчүм жетпей жатат, ошондуктан элибиз күнүмдүк жашоонун көптөгөн азаптарынын кутула албай келет. Бирок мен силердин ишенимиңер үчүн жанымды берүүгө даярмын", — деген Ким Чен Ын.

Мындан тышкары, лидер корей аскерлеринен азаптуу эмгек кылып жатышкандыгы үчүн кечирим сурады.

"Түндүк Кореяны каптаган тайфундан кийин аймакты калыбына келтирип, ошондой эле коронавирустун өлкөгө киришине каршы күрөшүп жаткан аскерлерден кечирим сурайм. Ушундай оор учурда жаныңарда боло албаганыма жүрөгүм ооруп турат", — деди лидер.

Ошондой эле салтанатта Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон сүйлөп, аягында Түндүк Кореянын куралдарын көрсөткөн аскердик парад болгону кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости