www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын октябрь айынан тарта Түштүк Корея менен коммуникация каналын калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирди.

Ал бул тууралуу парламентке кайрылуусунда айтканын Түндүк Кореянын борбордук жаңылыктар агенттиги 30-сентябрда билдирди.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бирин башкарган Ким Чен Ын АКШнын диалог тууралуу сунушун четке каккан.

Ал Түштүк Кореяны курал-жарактарын көбөйтүп, аскердик машыгууларды өткөрүү менен «чөлкөмдөгү кырдаалды чыңалтып жатат» деп айыптап, Вашингтон «кастык маанайдагы саясатын» өзгөртпөй туруп эле сүйлөшүүнү сунуш кылып жатканын айтты.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматы буга жооп берип, Вашингтондун Түндүк Кореяга карата «эч кандай жаман ниети» жоктугун айтты жана АКШ сүйлөшүүлөргө ачык экенин белгиледи.

Пхеньян быйыл август айында Түштүк Корея менен АКШнын аскердик машыгууларына каршылык иретинде Сеул менен түз коммуникация каналын жаап койгон. Ал кезде бул канал бир жылдай жабык туруп, кайра иштей баштаганына бир нече күн гана болгон.

Соңку апталарда Пхеньян аскердик сыноолорун көбөйттү.

Эске салсак, 28-сентябрда Түндүк Корея тез учуучу жаңы ракетасын сынаганын жарыялаган. Мындай сыноолордон улам Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши АКШ, Британия жана Франциянын өтүнүчү менен 30-сентябрда жыйынга чогулганы жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости