www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Шайлоого кийлигишкен аткаминерлер жазалана баштаса эле эл ишенип, жаңы бийликтин бул кадамдарын колдойт» - деди бүгүн, 1-октябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу.

- Турсунбай агай, эркиндик алгандан бери эле таза шайлоо деп келатабыз. Кыргызстандын жаңы тарыхында таза шайлоо өткөнбү?

- Кыргызстанда эң таза парламенттик шайлоо бир гана жолу 1995-жылы өткөн. Бирок Аскар Акаев шайлоодон кийин БШКнын башчысын дароо кызматынан алып салган!

- Азыр да таза шайлоо өткөрүү боюнча бийлик катуу киришип жатат. «Мамлекеттик кызматта иштегенине карабай жазаланат» деген президенттин сөзүнө ишенсек болобу?

- Үч ыңкылаптан кийин элибиз куру сөзгө ишенбей калган. Ошондуктан, шайлоого кийлигишкен аткаминерлер конкреттүү жазалана баштаса эле эл ишенип, жаңы бийликтин бул кадамдарын сүйүнүп колдойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости