www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев заманынан бери Сабыр Жумабеков жолдуу дарыгер катары белгилүү. Амалкөйлүгү, чоңдор менен тил табыша билген дипломаттыгы кыйла өнүккөн.

Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков жана Жапаров бийликке келгени жерде калбай, өзү карьералык секирик жасаганы аз келгенсип, бир туугандарын жөлөп-таяп, жогорку жана орто кызматтарга көтөрүп келет.

Дастан Жумабековду депутат, кийин спикерликке шайлатты (негизи көптүн бири эле да). Дагы бир инисин Талас ОИИБге, андан Нарын ОИИБге начальник кылды. Мындан сырткары, начальник милиция жана ИИМдин 10-башкармалына орун басар болгон эки иниси бар.

Айтор, андан аркысын тизмектей берсек дагы толтура. Бүтүндөй жакын туугандарын буттарына тургузду. Ар тармактан табылат. А баса, Сабыр Жумабековдун уулу УКМКда жооптуу кызматты аркалап келет. Кыскасы, бакыт байырлаган династия бекен?

“Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт” дегендей, Сабыр мырзанын жол тапкычтыгы өзгөчө тура, бүтүндөй үй-бүлөсүнө жарыгын арнап отурат. Баардык эле дарыгерлер мындай ийгиликке жете алышкан жок да, туурабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости