www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эксперттердин баамында, Түндүк кореянын лидери Ким Чен Ындын ден соолугунда бир катар көйгөйлөр бар, алар тукум куума жана жаман адаттарга алып келген. Бул тууралуу 38 North басылмасы жазып чыкты.

Адистердин айтымында, учурдагы Түндүк Кореянын башчысынын атасы жана чоң атасы инфаркттан улам каза болгон. Бул жүрөк ооруларынын жана Ким Чен Ында да бар экендигинен кабар берет.
Түндүк Кореянын башчысынын семириши жана бир катар жаман адаттар, атап айтканда, тамеки тартуу диабетке, кан басымы көтөрүлүп, холестеринге алып келиши мүмкүн. Бул факторлор, албетте, Ким Чен Ындын жүрөк-кан тамыр системасынын абалына терс таасирин тийгизет.
Ошондой эле, эксперттер Түндүк Кореянын лидери фокалдык дистониядан, аргасыз кыймылдардан жана булчуңдар тартылышы менен мүнөздөлгөн неврологиялык оорудан жабыркайт деп божомолдошууда.

Эске сала кетсек, 11-апрелден бери КЭДР башчысы Ким Чен Ын эл алдына чыга элек. ЖМКлар Түндүк Кореянын лидери инфаркттан улам каза болушу мүмкүн деп кабарлашты. Бирок Түштүк Корея президентинин атайын кеңешчиси CNN телеканалына берген маегинде Ким Чен Ындын көзү тирүү жана учурда Вонсанда экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости