www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар жоктон тапкансып, башка улутту кастарлаганды жакшы көрөбүз. Өзүбүз оокат кыла албай самсып миллиондоп Орусия, Казакстанда жүрөбүз, Ким Ин Сендер Кыргызстандын май-талкандуу жерлеринде иштешет,  Борбордук бажы кызматынын башчысы болуп Ким Ин Сен дайындалган.

Мигрант кыргыздар эптеп үй-бүлөөсүн багуу үчүн талаалап мекенин сагынып жүрүшөт, акчанын айынан. Кыргызстанда акча чачылып жаткансып, чет элдик гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом, мурдун балта кеспеген унаа министри Жанат Бейшеновдун улутташтары 8 миң сом алат, көпчүлүгү чет мамлекетте.

Аудиттин эсептегенине караганда Бишкек—Кара-Балта жолунда иштеген чет элдик гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом же 11 миң 500 доллар, заправщиктин айлыгы 400 миң сом же 5700 доллар экен. Булардын көзөмөлүндө 10 эле машина бар. Эгер 2000-3000 сом айлык алган биздин техкызматкерлердин айлыгын санасак бир кытайдын алганын ОТУЗ-КЫРКка чукул жылда алат. Биздин кызматкерлер 30-40 жылда ыйлап-сыктап алганы кытайлык завгардын бир эле айлыгы экен. Кызыгы, муну билген унаа министри Жанат Бейшенов билсе да билмексен. Же ага бирдеме сугунтуп коюшканбы?

Ким Ин Сендер эртең 2023-жылы президентке талапкер болсо эч ким таң калбайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости