www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кимдер коронавируска каршы эмделбеши керек?

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова коронавируска каршы кимдер эмделбеши керектигин айтты.

«Канында үчтөн ашык антитело бар адамдарга вакцина берилбеши керек», - дейт ал.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова 18 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана эмизген аялдар, ошондой эле, аллергиясы бар жарандар вакцина албашы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан вакцинанын 150 миң дозасы гуманитардык жүк катары келген.

Кыргызстанда коронавируска каршы калкты эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы биринчилерден болуп эмделери белгилүү болгон.

Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн тренингдер жүрүүдө.

Вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости