www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин мамлекеттердин транзиттик мүмкүнчүлүгүн өз ара пайдалуу колдонууга басым жасоо менен Кыргызстандын менен Өзбекстандын ортосундагы транспорттук-транзиттик кызматташтыкты активдештирүү сооданы кеңейтүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат. Бул тууралуу Ташкентте өтүп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов билдирди.

Ал кыргыз тарап Өзбекстан аркылуу транзит менен Афганистан жана Пакистандын базарларына азыктарды экспорттоо үчүн жаңы базарларды биргелешип изилдөөгө кызыктар экенин белгиледи.

«Ошондой эле, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу маанилүү деп эсептейбиз. Темир жол менен ташуулардын артыкчылыгы пандемия учурунда автоунаа менен ташууларды ишке ашыруу кыйын болуп турганда өзгөчө байкалды. Карантин чараларынын натыйжасында автоунаа менен ташуулар чектелип калды жана ушунун алкагында темир жол транспорту эң коопсуз жана ишенимдүү болуп калды», - деди ал.

Кыргызстандын өкмөт башчысы аталган долбоор эки тараптуу жана көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу салым кошот деп белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости