www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде президенттер эч убакта катасын моюнуна албай, аягында бир «китеп» (ред. Конституция) күнөөлүү болуп чыгат. Мындай маалыматты саясатчы Бактыбек Калмаматовдун сөзүнө таянып “Марал” радиосу жазып чыкты.

“Акаевдин маалында, Бакиевдин маалында, Атамбаевдин маалында, Жээнбековдун маалында президенттик башкаруу болду. Биздин эл парламенттик система жаман экенин кайдан билет? Биз андай башкарууда жашай элекпиз. Бирок акыр аягында дайыма келип «бир китеп» күнөөлүү болуп калат. Баары бийликке келсе эле Баш мыйзамды өзгөртүүгө аракет кылат. Мына бүгүнкү Жапаровдун бийлиги эмне деп жатат? Конституциядан тыш башкарсаң эл кууп жиберет экен. Мен Жээнбековдун башкарган абсолюттук хан эрежесин китепке эреже кылып алайын дейт. Бизде Конституцияда көрсөтүлгөн эрежеден тыш жашаш үчүн президенттер ар кандай жолдор менен бийликти узурпация кылып келди. Тилекке каршы, сабак албай жатабыз”, — деди Калмаматов.

Ошондой эле саясатчы парламентке бир мандаттуу шайлоо менен эл өкүлдөрү келе турган болсо, анда дагы артка кетебиз деп белгиледи. Ал преферционалдык шайлоо системасы парламенттин сапатын жогорулатат деп эсептейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости