www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү кинооператор Мурат Алиев 72 жаш курагында каза болду. Ал бүгүн, 17-июлда оор илдеттен көз жумганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Мурат Алиев жаш муундагы операторлорду тарбиялап келген. 1997-2002 жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу болуп иштеген. "Asian World Film Festival"(АКШ) үчүнчү фестивалында Мурат Алиевге “Дүйнөлүк кинематографка кошкон салым үчүн” аттуу сыйлык ыйгарылган.
Ал 1948-жылы 10-декабрда Нарын облусунда жарык дүйнөгө келген. 1979 жылы Бүткүл союздук Мамлекеттик Кино институтунун кино операторлук факультетин бүтүргөн.
Алиев отуздан ашык хроникалык-документалдуу тасмалардын оператору. Ал «Биринчи», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Улуу жибек жолу», «Булут», «Петрарканы окуу», «Курманжан Датка» тасмаларында башкы оператор болгон. 2014-жылы Уфа шаарында өткөн фестивалда «операторлук чеберчилик» сыйлыгына ээ болгон. Казакстандык тасмаларды да тартып, «Келин» аттуу тасмасы үчүн 2010-жылы Нью-Йоркто өткөн эл аралык кинофестивалда (New York Eurasian Film Festival) «мыкты оператор» сыйлыгын алган. 2012-жылы «Чал» аттуу көркөм тасмада башкы оператор болуп эмгектенген.
Бул фильмден улам Мурат Алиев Кыргызстандан биринчи болуп Азия-Тынч океан киноакадемиясына мүчө болуп кирген.
Булак: NazarNews.kg