www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кинотеатрлар менен фудкорттор ачылабы?

Азырынча Бишкекте кинотеатр менен фудкорттор ачылбайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин айрым ЖМКлар 19-ноябрдан тарта Бишкекте кинотеатр менен фудкорттор ачылып, иштей башташы мүмкүн деген маалымат таратышкан.

"Азыркы учурда кинотеатрларды жана фудкортторду ачуу маселеси өкмөттө каралууда. Аталган жайлар Республикалык штаб тийиштүү чечим кабыл алганда гана иштеп баштайт", — деп айтылат билдирмеде.

Өкмөттүн маалымат кызматы азырынча эч кандай чечим кабыл алына электигин эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости