www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рыскелди Момбеков суракка чакырылды...

Конституцияга каршы чыккандарга басым башталды. Кечээ Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороев ИИМге сурака чакырылса, бүгүн Рыскелди Момбековду суракка келүүгө чакыруу беришти. Бул тууралуу маалыматты журналист Алмаз Темирбек билдирди. 

Бул эмне деген жорук? Эч нерсе боло электе минтип жатышса, Конституция кабыл алынып калса, Жапаров өзүн таза Кудай сезип, Текебаев айткандай Түркмөнстан жолдо калат го... Өңү кызыл бат оңот. Зордун түбү кор экенин тез эле сезесиңер. Эсиңерге келгиле. Жапаров сыноону, дөөлөттү, мансапты көтөрө албай калды. Дөөлөт тоголок, колдон бир жылмышса токтобойт. Ынсапсапсызга кашык берсең беш ууртайт болгон ач көздүгүңөр түбүңөргө жетет. Акыйкатты, өз оюн айткандарды куугунтуктаган эзели оңгон эмес. Түрмө аларга сабак болбоптур! Баягы эле эскилердин өкүм зордугу болуп жатат. Алсыз, арсыз адам гана бийликке жетсе, маселени күч менен чечем деп жаңылат. Чү дегенде эле ээрге кыйшык отурду. Аларга эмне кулдук уруп тургандар эле керекпи? Өз оюн, өз чындыгын айткандар душманбы? Минтип коркутуп, үркүтүп баарынын оозун жаба албайт. Эси болсо этегиңин жыйышы керек, дейт Алмаз Темирбек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости