www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында айрым коомдук транспорттун айдоочулары электрондук төлөм ыкмасына каршы болуп, анын ишке ашпоосуна болгон күч аракеттерин жумшоодо.

Айтсак, бүгүн социалдык тармактарда шаардык троллейбустардын биринде электрондук төлөмдү аткара турган валидатор жабдыгы скотчь менен чапталып иштетилген эмес. Электрондук төлөм “Тулпар” карточкалары аркылуу жүргүзүлөт. Дал ушул долбоордун өкүлдөрү билдиргендей, валидатордун бардыгы иштейт, ал эми социалдык тармакта таркатылган сүрөт боюнча “Тулпардан” аны айдоочу өз билемдик менен чаптап салгандыгын айткан. Себеби, электрондук төлөм аркылуу айдоочулар мурдагыдай күнүмдүк кирешеден пайда таба албай калат, бардык каражат бюджетке толук кандуу түшө байтайт. Ошондуктан, айдоочулардын көбү бул ыкманын иш жүзүнө ашпашынын аракетин көрүп жатышат.

Социалдык тармакта тараган сүрөт боюнча маалымат Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгына жөнөтүлөт, - дешет “Тулпар” долбоорунун өкүлдөрү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости