www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу координациялык кеңешме башталды. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.

Маалымат боюнча, кеңешмеде Тажикстан менен чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чаралары каралат.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-январда Бишкекте жана Баткенде чек ара маселесине байланыштуу митингдер өтүп, катышуучулар бийликке бир нече талап коюшкан.

Анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүү, Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана “Ээн баштык” беренелери боюнча кармалган төрт кишини бошотуу талаптары  бар.

Эскерте кетсек, 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы «Гүлистон» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өткөн. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшкан.

Алардын бири - Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости