www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Илгери Кубатбек Жусубалиевдин “Кыргыз тили фонду-мондусу жок эле жашап келген”, - дегенин окуган элем. Туура! Тилди сактоонун жалгыз жолу – ал тилде ойлонуу керек, сүйлөө керек, иштөө керек. Советтик классикалык адабиятыбызды түзгөн классиктерибиздин биринин да баласы кыргыз тилин терең билбейт. Азыркы жазуучу, акын, интеллигент, саясий элитамын, бизнес элитамын деп жүргөндөрдүн балдары да кыргызча окуп жаткан жери жок. Бүгүн ата-энесинин тилин ашкананын деңгээлинде гана түшүнгөн, же кыргыз эмес, же орус эмес, же англис эмес, же түрк эмес, кыргыз да эмес муун өсүп келе жатат.
Баарыбыз перспективалуу деп бала-чаканы орусча же англисче окутабыз. Тилдин перспективасын ойлонгон адам ооз учунда эле. Баласы менен орусча папа-мамалап сүйлөшөт. Апасын мама дегендерге Жумагазы Чоң аюу: “Мама деген апаңдын мамагы, папа деген атаңдын башы”, - дедим деп күлдүрдү эле. Мен да “Говорите по русски, кыргызча не понимаю деген киргиздерди чокуга-чокуга ургум келет”!!!
Кыргыз тили мыйзамын кабыл алууда эбегейсиз эмгек кылган Камбаралы Бобулов, Төлөгөн Касымбеков, Казат Акматов абаларыбыз бир оодарылып алат го бүгүн. Жараткан аларды мээримине алсын.
Тил майрамы кут болсун!
Нургазы Мусаев
Булак: NazarNews.kg