www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япондор кирпилер менен убакыт өткөрүү үчүн канча йен төлөшөт?

Япониядагы бир кафеде кардарлар кирпичечендин ар кандай түрлөрү менен убакыт өткөрүү үчүн акча төлөшөт.

Япон кабар сайты Rocket News 24түн маалыматына ылайык, борбор шаар Токионун Роппинги аймагында жаңы ачылган кафе кардарларына «терапия максаттуу тикенектүү комфорт» кызматын сунуштайт.

Үйдө жан жаныбарларды бага албай тургандар үчүн ачылган кафеде кардарлар иш күндөрү кирпилер менен жарым саат өткөрүү үчүн 1 миң йен (9,3 доллар) төлөшүүдө.

Ал эми дем алыш күндөрү 1 миң 300 йен болгон кафеде кирпичечендер менен сүрөткө түшүү же аларга тамак берүү үчүн 500 йен төлөнөт.

Кирүү үчүн да акча төлөгөн кардарлар колдорун жуугандан кийин тандаган кирпини атайын кутучанын ичинде жанына алып чогуу убакыт өткөрүшөт.

Булак: "trt.net.tr"

Следующий >

Последние новости