www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин тергөө тобу каракчылык, уурулукка жана акча алмаштыруу жайынын кызматкерин өлтүрүүгө шектелген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, шектүүлөр 21-февралда ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалган. "ИИМдин тергөө кызматы 2014-жылы акча алмаштыруу жайында иштеген кишинин өлүмүнө тийиштиги бар деп Талас облусунун 41 жана Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургунун кармады", — деп айтылат маалыматта.
Тергөөгө ылайык, 2014-жылы 41 жаштагы жаран кылмыш иштерин жасоо үчүн айланасына кишилерди топтой баштаган. Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы акча алмаштыруу жайынын кызматкерин аңдып жүрүп, тоноп өлтүрүшкөн.
"Кечинде машинасын ботаникалык бак жакка токтотуп, ТТ маркасындагы тапанча менен куралданган топ медициналык беткап, колкап алып акча алмаштыруу жайында иштеген 1992-жылы туулган И.Темирбердиев жашаган "Көк-Жар" конушун көздөй барышкан. Ал үйүнө келген учурда кол салып, ок чыгарган. Кылмышкерлер окуя болгон жерден изин жашырып, жабыркаган жаран ооруканада каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандар ушундай эле кылмыш иштерин 2011чи, 2012чи жана 2014-жылдары жасаганы аныкталган. Ишкерлердин үйүнө кирип курал менен коркутуп, ири өлчөмдөгү акчаларын карактап жүрүшкөн.
Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо аракеттери жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg