www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте “Китеп  билим булагы” аттуу сынак аягына чыгып, белектер өз ээлерин табышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кечээ №24 мектепте сынактын шаардык баскычы өткөн. Мектеп окуучулары “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген темада дилбаян жазышкан.

Сынактын жеңүүчүсү жана гран-принин ээси Свердлов районундагы №38 мектептин 11-классынын окуучусу Байэл Бакытбек уулу болду. Окуучуга жаңы iPhone 11 смартфону берилет, ал эми анын мугалими Салима Кушубаковна Ысык-Көлгө эс алууга жиберилет.

Калган шаардык этаптын катышуучулары – №82 мектептин окуучусу Зарема Таласбекова, №87 мектептин окуучусу Сезим Өмүрбекова, №64 мектептин окуучу Асия Тагай кызы жана №69 мектептин окуучусу Зейнеп Азамат кызы белек катары велосипед алышат. Алардын мугалимдери дагы Ысык-Көлгө эс алууга жиберилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости