www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын борбордук көчөсүнө “MARILYN” тез татым ашканасы ачылган. Аталган ашкананын ээси китептерди кирпич катары пайдаланган. Бул тууралуу маалыматты Зинакан Пасанова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
“Шумдук! Классиктер тез татым ашкананын дубалына кыш ордуна урулуптур! Чыңгыз Айтматовдун 6 китеби, К.Жантөшовдун эки "Каныбек" романы, Түгөлбай Сыдыкбековдун китеби жана башка дүйнөлүк шедеврлер Ош шаарынын борбордук көчөсүндөгү (Араванский) "Мерилин" тез татым ашканасына дубал болуптур! Китепти кордогон бул кандай "маңкурттук"! Эл суусап таппай жүргөн китептердин бардыгы дубалга альбастр менен катырылган. Элдер, ошол кордолгон китептерди карап туруп кантип тамагынан оокат өтөт? Буга ким чара көрөт?!", деп билдирүү калтырган.
Булак: NazarNews.kg