www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда жакынкы бир-эки жуманын ичинде күйүүчү майдын баасы көтөрүлө баштарын билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта өкмөт нефтетрейдерлерди бааны кескин жогорулатпоого чакырып, мурдагы келишимдер боюнча алынган күйүүчү майдын эсебинен рынокту кармап турат. Бирок дүйнөлүк мунай баасынын өсүшүнө байланыштуу ички бааларды акырындап рыноктук деңгээлге жеткирүү зарыл болууда.
Өкмөт өкүлү белгилегендей, учурда дизелдик отундун баасы дүйнөлүк көрсөткүчтөргө ылайык 100 сомдон жогору болушу керек. Социалдык себептерден улам мамлекет айрым чыгымдарды субсидиялап жатат.
Мындан тышкары, бийлик кошумча нарк салыгын (КНС) убактылуу алып салуу же кошумча дотация берүү мүмкүнчүлүгүн да караштырууда. Учурда КНС күйүүчү майдын литрине 15-16 сом. Өкмөт эгер ал алынса кайра киргизүү мүмкүн болбой калат деп чочулап, мунай рыногундагы туруксуз кырдаалдан улам бааны акырындап көтөрүү жолун тандаганы айтылды.