www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-майда Азербайжандын Баку шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын алкагында Кыргызстандын туристтик жана инфраструктуралык долбоорлору тааныштырылды.
Форумга дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат катышты. Иш-чарада Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстан тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.
Мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшү, урбанизация жана турак жай жеткиликтүүлүгү азыркы мезгилдин негизги чакырыктарынын бири экенин айтып, тоолуу шаарларды өнүктүрүү боюнча Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүү демилгесин сунуштады.
WUF13 алкагындагы Urban Expo көргөзмөсүндө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстан павильонунда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында ишке ашырылып жаткан ири туристтик комплекстердин жана төрт мезгилдүү резиденциялардын эскиздик макеттерин тааныштырды.
Министрдин айтымында, мамлекет туризм жана инфраструктура тармагындагы ири инвестициялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурууда.
Көргөзмөдө төмөнкү негизги долбоорлор сунушталды:
— “Tamchy Resort” — заманбап батирлер, таунхаустар, коттедждер, жеке бассейндери бар виллалар, ошондой эле ресторандар, спорт аянтчалары жана эс алуу зоналарын камтыган ири туристтик комплекс;
— “Urpaq Resort” — көл жээгинде жайгашкан төрт мезгилдүү курорттук резиденция. Долбоордо батирлер, коттедждер, жабык аквапарк, ачык бассейндер, веложолдор жана жеке пляж каралган;
— “Elizaveta Resort” — премиум-класстагы эс алуу комплекси. Анда кең террасалуу батирлер, таунхаустар, люкс виллалар, SPA борборлор жана эл аралык деңгээлдеги сервис инфраструктурасы болот.
Маалыматка ылайык, Президенттин тапшырмасынын негизинде Тамчы айылында жалпы 100 гектар аянтка туристтик комплекстер жана төрт мезгилдүү резиденциялар курулуп жатат. Долбоорлордо аймактын 30 пайызы гана курулушка пайдаланылып, калган бөлүгү жашыл зоналарга жана эс алуу инфраструктурасына багытталат.
Мындан тышкары, көргөзмөгө Бишкек шаарындагы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун долбоору да коюлуп, ал экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана “жашыл” технологияларды өнүктүрүү багытындагы маанилүү демилгелердин бири катары сунушталды.