www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен уюштурулган ITEC программасы кыргызстандык журналист Мээрим Ташибековага жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачты. Ал эки жумалык “Жасалма интеллект жана кеңейтилген реалдуулук аркылуу социалдык тармактарды инновациялоо” аттуу курска катышып, заманбап технологиялар, кибер коопсуздук жана санарип маркетинг боюнча билим алып жатат.

Кесиптешибиз Мээримдин айтымында, тренингде жасалма интеллект аркылуу видео даярдоо, социалдык тармактардагы маалыматтык коопсуздук жана интернет алдамчылыгынан коргонуу ыкмалары үйрөтүлөт. Алыскы Индия сапарындагы кесиптешибиз менен кызыктуу маек курдук.

—  Саламатсызбы, Мээрим! Эки жумадан бери Фейсбуктан сиздин Индияга болгон сапарыңызга күбө болуп атабыз. Ал жакка кайсы программа аркылуу бардыңыз?

—  Саламатчылык, рахмат! Индия Өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен уюштурулган ITEC программасы аркылуу эки жумалык курска келгем. «Жасалма интеллект жана кеңейтилген реалдуулук аркылуу социалдык тармактарды инновациялоо» деп аталат. Андан жасалма интеллект аркылуу сонун видеолорду жасаганды үйрөндүк. Арасында кибер коопсуздук тууралуу да сабактары бар экен, мен үчүн өтө кызыктуу болууда. Маркетингде биздин электрондук почтабыз аркылуу эле өзүбүз да элес албаган маалыматтарды алып, ошого жараша жарнама сунуштап, колдонгон телефонубузга жараша баасын арзан же кымбат көрсөтө турган ыкмалары бар экен. Андан коргонуу ыкмаларын, шылуундун дарегин жана ким экендигин атайын шилтемелер аркылуу аныктоо ыкмаларын үйрөтүштү. Бул жагынан Индия бир топ алдыда экен.

—  Тренингден тышкары жер көрүүгө да шарт түзүлүп жатат окшойт, ээ?

—  Ооба, иш күндөрү эртеден кечке чейин сабак, ал эми ишемби-жекшемби күндөрү жер кыдырып жатабыз. Пакистан менен чектешкен Амритсар деген жердеги Алтын храм жана 1919-жылдагы кандуу окуяны чагылдырган мемориалдык комплекске атайын окуу экскурсиясын уюштурушуптур. Ал мага өзүнчө таң калуу жана кызыгуу жараткан эмоцияларды тартуулады.

—  Эмнеси менен таң калтырды?

—  Бизге Амритсарга бараарга бир күн калганда алдын-ала даярдап, маалымат беришти. Ийни ачык, этеги кыска кийим кийбегиле, башыңар жабык болушу керек деп айтышкан. Мен Кыргызстандан жоолугу жок баргам, шляпа кийип жүрдүм. Бирок ыйык храмга кирээрде бир байлам сары жоолук беришти. Бутубузду чечип, бир сууну кечип анан ыйык жайга өттүк. 60 кишиден турган чурулдаган ар кайсы улуттун өкүлдөрү барганбыз. Бири-бирибизди таппай калбайлы деген коркунуч жана убаракерчилик коштоп жүрдү. Сумка да алып кирүүгө болбойт дешкенинен телефон, капчыктарыбызды колго кармап жүрүүгө туура келди.

—  Алтын храм - аты айтып тургандай эле алтындан бекен?

—  Чатырлары, куполдору алтын жалатылган деп айтышты. Бул - Амритсардагы эң кооз жана руханий жайлардын бири болуп эсептелет. Көлдүн ортосунда жайгашып, түнкүсүн жарык түшкөндө өзгөчө көрүнөт дешти. Бирок биз караңгы кире электе эле кайра тарттык. Күн өтө ысык, тердеп-кургап, бири-бирибизди издеп, адашып кетпейли деп чочулап, шаштырып жүрүп отурдук. Анткени бир күндө 50 000дей адам кирип-чыгат экен, адашсаң табылбайсың деп катуу эскертишкен эле.

—  Ыйык жай болгондуктан дартына даба издегендер келет бекен?

—  Тилегим орундалсын, оор илдеттен сакайып кетейин деген тилек, ишеним менен келгендер көп. Андай адамдар үчүн кайрымдуулук үчүн атайын жай бар экен. Кампасында кап-кап ундар. Андан калама жасап мында келген элге таратышат экен. Биз да камыр жайып, сүрөткө түштүк. Бекер тамак тараткан жайы бар экен. Ал жерге кирүүнүн өзүнчө эрежеси бар. Аны сактабасаң кууп чыгышат. Нан берээрде алакан жайып туруш керек. Чоң калай табакка тамак салганда эки колду бириктирип ыраазычылык билдирип туруу керек экен. Ыйык жайдан катуу сүйлөбө, күлбө деп тыйып турушту.

—  1919-жылдагы кандуу окуя деп калдыңыз, ошол тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

—  Ал жерде эң тарыхый жана кайгылуу мемориалдардын бири болгон Жаллианвала Багх деген жайга кирдик. Бизди коштоп жүргөн гиддин айтымында, бул жер 1919-жылдын 13-апрелинде болгон кандуу окуядан улам дүйнөгө белгилүү болгон. Ошол күнү миңдеген тынч адамдар Байсакхи майрамына жана саясий жыйынга чогулушкан. Бирок британ армиясы эч кандай эскертүүсүз элге ок атууга буйрук берген. Анын кесепетинен миңге жакын бейкүнөө адам шейит кеткен экен. Адамдар качып чыгууга жол таппай, айрымдары бак ичиндеги кудукка секирип жан сактоого аракет кылышкан. Азыр ал кудук “Шейиттер кудугу” катары сакталган. Кийин бул жер мемориалга айланып, курман болгондордун элесине арналып эстелик тургузулган. Биз ошол эстеликти, октун издери калган дубалдарды, көрүп чыктык. Минерал суу агып турат. Мында келгендер ошол суудан идишке куюп алышат, ичишет, жүзүн чайышат экен.

—  Өтө кызык экен. Амритсар деген аталыштын маанисин сурап көрдүңүзбү?

 Ооба, “Амритсар” деген ат дагы абдан кызык мааниге ээ. Ал санскрит тилиндеги «Амрита Сарас» деген сөздөн чыккан, мааниси — “Өлбөстүктүн ыйык суусу” же “Нектар көлү”. Шаар 1577-жылы сикхтердин төртүнчү гурусу Гуру Рам Дас тарабынан негизделген. Кийин ошол ыйык көлдүн ортосуна биз сөз кылып жаткан Алтын Храм курулган.

—  Башка дагы кайсы жерлерге бардыңыз?

—  Кийинки ишемби-жекшемди күндөрү Чандигарх шаарындагы Сукна көлүнө барып кайыкка түштүк. Көлдүн суусу биздин Ысык-Көлдөй көгүлтүр эмес, кыпкызыл экен. Себеби тоодон аккан ылай суу кошулуп ошондой түс берет дешти. Андан алыс эмес жерде куштар паркы бар экен. 2021-жылы ачылган парк жаратылышты сүйгөндөр, балдар жана сүрөткө тартууну жактыргандар үчүн абдан популярдуу жер. Бул жерде 40тан ашык түрдөгү 1000ден ашуун куш жашайт экен. Куштарга жакын барып сүрөткө түшсө болот дегенинен, мен тотукуш менен сүрөткө түштүм. Колуңдагы саатты, мойнуңдагы жылтыраган шуруларды же чачыңды тумшугу менен чокуйт экен. Бирок оорутпайт, кытыгыңды келтирет. Бул алардын таанышканы деп түшүндүрүштү.

—  Таш куурчактар паркы дегени да бар бекен?

—  Мен кыргыздарга түшүнүктүү болсун деп Фейсбукка ошентип жаздым. А чынында Rock Garden дегени - Аска бакча же таш бакча деген маанини билдирет. Ичинде таш куурчактан жасалган жүздөгөн эстеликтер бар. Жакшылап караганда сынган чынылар, билериктер, ваннанын плиткалары, электр калдыктары, бөтөлкөлөр айкелдердин ичинде колдонулганын байкоого болот. Нек Чанд деген киши бул паркты өз колу менен жалгыз курганы эле сөз кылууга арзыйт. Ал кадимки мамлекеттик кызматкер болгон экен. 1950–60-жылдары Чандигарх жаңы шаар болуп курулуп жатканда, көп үйлөр бузулуп, таштанды материалдар үйүлүп калган. Нек Чанд ошол сынык плиткаларды, бөтөлкөлөрдү, айнектерди, браслеттерди, керамикаларды жана темир калдыктарын чогулта баштаган. Ал бул иштерди жашыруун кылган. Токойдун ичинде эч ким билбеген жерде айкелдерди, тар көчөлөрдү, шаркыратмаларды жана кичинекей “сырдуу падышалыкты” кура берген. Бул жер мыйзамсыз болгондуктан, ал дээрлик 18 жыл бою түнкүсүн жана дем алыштарда иштеген. 1975-жылы бийлик кокусунан бул жерди таап алат. Башында бузуп салгысы келген. Бирок эл көрүп суктанып, колдоп чыккан соң өкмөт аны сактап калуу чечимин кабыл алыптыр. Кийин расмий түрдө парк болуп ачылган дешет. Эң кызыгы, Rock Garden дүйнөгө “waste to art” идеясын көрсөткөн. Башкача айтканда, керексиз нерседен сулуулук жаратууга болорун далилдеген. Ошондой эле, азыркы таштандыны кайра иштетүү жана экология түшүнүктөрү популярдуу боло электе эле Нек Чанд кайра иштетүү искусствосун колдонгон. Бул жөн гана үнөмдөө эмес. Нек Чанд “коом таштап салган нерселердин да жаны бар” деген философияны көрсөткөн. Нек Чанд Пакистан тарапта калган аймагынан көчүп келген. Айрым изилдөөчүлөр Rock Garden’деги айкелдер жана “жоголгон дүйнө” анын балалыгы жана жоготкон мекени менен байланыштуу деп эсептешет. Айкелдердин көбү сумсайган, эмоциясы аз көрүнөт. Айрым искусство таануучулар бул Индиядагы бөлүнүү, көчүү жана жоготуу сезимин чагылдырат дешет.

—  Парк кенен бекен?

—  Ооба, аны көргөндө жалгыз киши курганына ишенбей кетесиң. Биз тобубуз менен барганбыз, андагы тар өтмөктөрдөн жана лабиринттерден баш айланып, адашып кете жаздадык. Басып баратсаң көз алдыңа улам жаңы дүйнөнүн эшиги ачылат. Андагы шаркыратма өзүнчө эле керемет! Ал эми парктагы Doll Village - эң кызыктуу бөлүктөрдүн бири. Анда эски кездемеден, таштанды материалдардан, зымдан, айнек жана керамика калдыктарынан жасалган чоң куурчактар бир көргөн адамды чочутат. Айрым куурчактар атайын чоң өлчөмдө жасалган. Себеби келүүчүлөр өзүн кичинекей сезип, фантазия дүйнөсүндө жүргөндөй болушу керек болгон. Селкинчектер, куурчактар, таш коридорлор — баары бир бүтүн композиция болуп жасалган. Ошон үчүн Rock Garden кадимки музей эмес, фантазия дүйнөсүнө саякат катары да таанылган. -Сонун экен.

—  Сизди угуп отуруп мен да баргым келип кетти. Индияны башка жагынан таанып жатыптырсыз да?

—  Ооба. Мен буга чейин Индияны кинодон көрчүмүн. Андагы Болливуд актёрлорунун мушташканы, сулуу айымдардын сүйүүсү аркылуу тааныгам. Кийинчерээк Кыргызстанга медициналык билим алуу үчүн келген студенттерин көрчүмүн. Бирок Индияны өз көзүң менен көргөн, кыдырган таптакыр башкача таасир калтырат. Ар түрдүүлүгү жана көп тилдүүлүгү да сөз кылууга арзыйт. Индия — дүйнөдөгү эң көп тилдүү өлкөлөрдүн бири экен. Өлкөдө жүздөгөн тилдер жана миңдеген диалекттер бар. Индиянын баш мыйзамында 22 расмий таанылган тил бар болгону менен, 2001-жылдагы эл каттоодо 122 негизги тил жана 1599 башка тилдер, диалекттер катталган. Айрым изилдөөлөрдө Индияда 1000ден ашуун тил колдонулат деп айтылат. Демек билгенимден биле элегим көп экен деген тыянакка келдим.

—  Кыргызстандан сиз эле бардыңызбы?

—  Ооба, кесиптешим да анкета толтурган, бирок айрым себептерден улам келе алган жок. А негизи биз өзүбүз менен өзүбүз кайнап, чектелип отура бербей, жаштарыбызды ушундай окууларга жиберип эл аралык тажрыйба алышына шарт түзүп беришибиз керек экен. Мисалы менин алган билимим жана эл аралык тажрыйбамдын пайдасы Кыргызстанга миң эселеп тийет да. Үйрөнгөндөрүмдү кесиптештерим менен сөзсүз бөлүшөм.

—  Программага катышуу үчүн эмне кылуу керек?

—  ITEC программасынын расмий сайтына кирип анкета толтуруу керек. Албетте, англис тилин билүү талабы бар. Ар бир айда бир нече темаларга арналган 2 жумалык, 10 күндүк ар кандай курстары бар. Өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге артыкчылык берилет.

—  Бекер билим берүүдө кандай кызыкчылык бар деп ойлойсуз?

—  Алар иштеп чыккан программаларды дүйнөгө жайылтуу, өнүгүп келе жаткан мамлекеттер менен кызматташтыкты арттыруу жана билимин жайылтуу болсо керек.

—  Кызыктуу маалыматтар үчүн ырахмат! Сапарыңыз байсалдуу болсун!

Айтканыңыз келсин!

Последние новости