www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Волейбол федерациясынын Жогорку лигасында жеңишке жетишкен Манас шаарынын “ВК Манас” клубунун кыздар командасын кабыл алды. Бул тууралуу Манас шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Жолугушууда шаар башчысы спортчу кыздарды жана машыктыруучуларды ийгиликтери менен куттуктап, алардын жеңиши шаар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи. Ошондой эле команданын мындан аркы мелдештерине дагы ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, “ВК Манас” кыздар командасы 2026-жылдын 3-май күнү Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын Жогорку лигасынын XVIII чемпионатында 1-орунду багындырган.