www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында ден соолукка оор залал келтирүүгө шектүү жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн жанындагы кароосуз калган имараттын аймагында белгисиз жаштар спирт ичимдигин ичип, өз ара мушташ чыгарышкан.
Жаңжал учурунда катышуучулардын бири 1981-жылы туулган Т.Д.нын бет тарабына уруп, жабырлануучу эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучуга субдуралдык гематома, бет сөөктөрүнүн көптөгөн сыныктары, желке сөөктүн сыныгы, беттин жумшак ткандарынын көгөрүшү жана тери астындагы эмфизема диагноздору коюлуп, жаракаттар “ден соолукка оор залал” катары бааланган.
Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө жүрүшүндө жабырлануучуга 2008-жылы туулган А.В. аттуу жаран кол көтөргөнү аныкталган. Ал Токмок шаарындагы колледждердин биринин 2-курсунун студенти экени белгилүү болгон.

Шектүү ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости