www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы «Көк-Сай» («Эски Толчок» деген ат менен белгилүү) базарында чыккан өрт толугу менен саат 9:06да өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт пластик терезе жана эшиктерди чыгарган цехтен чыккан. Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзгөн.

Өрттү өчүрүүгө алты өрт өчүрүүчү эсеп тартылып, ошондой эле милиция кызматкерлери жана энергетиктердин бригадасы жардамга келген.

Өрт саат 1:23тө чектөөгө алынып, саат 9:06да толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар болгон эмес.

КР ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, өрттүн чыгышына жыгач иштетүүчү станоктогу кыска туташуу себеп болгон.

Последние новости