www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Астана шаарында тарыхта биринчи жолу жүргүнчүсү бар учкучсуз аба транспорту сыноодон өткөрүлдү.

Казакстандын Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, электр энергиясы менен иштеген вертикалдуу учуп-конуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон eVTOL EH216-S аппараты «Келечектин оюндары – 2026» эл аралык турниринин алкагында атайын бөлүнгөн аймакта демонстрациялык учуу жасады.

Бул өлкөдө жүргүнчүлөрдү ташууга арналган учкучсуз технологияларды реалдуу шартта сыноо боюнча алгачкы тажрыйба болду.

EH216-S аппараты эки адамды ташууга ылайыкталган. Ал саатына 130 чакырымга чейинки ылдамдыкта учуп, бир жолу кубатталгандан кийин 35 чакырымга чейинки аралыкты басып өтө алат.

Алгачкы этапта бийлик мындай аппараттарды Казакстандын жаратылыш, маданий жана тарыхый жайларынын үстүнөн 5 мүнөттөн 30 мүнөткө чейинки туристтик жана демонстрациялык каттамдарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Келечекте учкучсуз аба транспорттору шаардык мобилдүүлүк системасынын бир бөлүгү болуп, салттуу транспорт түрлөрүн толукташы мүмкүн.

Мындан тышкары, мындай аппараттарды медициналык жардам көрсөтүүдө, дары-дармек жеткирүүдө, издөө-куткаруу иштеринде, өрт өчүрүүдө жана логистикалык багыттарда колдонуу пландалууда.

Ошондой эле Казакстанда эл аралык өнөктөштүктүн алкагында жүргүнчү ташуучу учкучсуз аппараттарды жергиликтүү өндүрүүнү жолго коюу маселеси каралууда.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө шаардык аба мобилдүүлүгүн киргизүү үчүн зарыл болгон укуктук база түзүлүп, eVTOL аппараттарын пайдалануу, вертипорттордун иши жана учкучсуз аба кыймылын башкаруу системалары боюнча тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынган.

Последние новости