www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Муратбек Азымбакиев Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Муратбек Азымбакиев Кыргызстандын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган.
Ошондой эле ал 2022-жылдын апрелинен 2025-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.