www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Бишкек шаары боюнча 20 мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп салынып жатат.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү. Учурда жер казуу иштери толугу менен аяктап, имараттын пайдубалын орнотуу этабы аткарылууда.
Жаңы мектепте кенен окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, жыйындар залы жана бардык шарттары бар спорт залы каралат. Имарат 3 блоктон турган, 3 кабаттуу болуп курулат.
Билим уясы пайдаланууга берилгенден кийин 2000ге жакын окуучунун жакшы шартта билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.