www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 2-мартта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан уюштурулган илимий институттардын жетекчи кызматкерлери үчүн окутуу курсу жыйынтыкталды.
Аталган окуу курсу Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Жыйынтыктоочу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев катышты. Ал уңгужолдун мазмуну жана анын билим берүү тармагындагы мааниси тууралуу өзүнүн ой-пикирин билдирүү менен бирге окуу курсунун угуучуларына атайын даярдалган сертификаттарды тапшырды.
Окуу курсун аяктаган насааткерлер өздөрү эмгектенген мекемелердин жамаатына, коомчулуктун өкүлдөрүнө уңгужолдун мазмунун кеңири түшүндүрүп, жаштардын улуттук аң-сезимин калыптандырууга жана маданий мурастарды сактоого багытталган иш-аракеттерине алган тажрыйбаларын кеңири пайдалана алышат.