www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көңүл буруңуз! №34 автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү

Бишкек шаарында, бүгүн, 30-июлдан тарта №34 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

“Жеңиш” жаңы конушу жана “Бишкек автобекети” боюнча каттаган автобустун “Бишкек автобекетиндеги” акыркы аялдамасы “Ак-Жол” чек ара өткөрүү пунктуна чейин узартылды.

Мындай чара шаардыктардын жана Ленин айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылууларынын негизинде ишке ашты.

Ага ылайык, муниципалдык автобуста жүрүүдө шаар ичиндеги тариф накталай 20 сомду, накталай эмес 17 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык, Чүй облусунун аймагында жүрүүдө кошумча 10 сом төлөнөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости