www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Леди Гага турмушка чыгарын жар салды

Америкалык поп-аткаруучу Леди Гага расмий түрдө бизнесмен Майкл Полански менен баш кошоорун жарыялады.

Алардын  2019-жылы таанышканын "Daily Mail" басылмасы жазды.

Ырчы Парижде Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышкан. Майрамдан кийин артист мелдештерди көрүү үчүн калган. Сууда сүзүү боюнча мелдеш учурунда  Франциянын премьер-министри Габриэль Атталды жигити Майкл менен тааныштырган. Ырчы бизнесменди өзүнүн сүйүктүүсү катары тааныштырганы белгилүү болду.

Июнда Леди Гаганы кош бойлуу деп болжолдошкон.

Папараццичилер эжесинин үйлөнүү тоюнда сүрөткө тартып алышкан. Анда ал тар көйнөк кийип жүргөн. Бул аткаруучунун курсагы боюнда бардай көрүнгөнүн жазышкан.

Эртеси Гага коомчулуктун божомолун четке каккан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости