www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүн, 1-июлда «Бала ырысы» жөлөк пулун алууга арыз кабыл алуу башталды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков аталган жөлөк пул президенттин жарлыгы менен киргизилип жатканын эске салды.

Жөлөк пулдун өлчөмү 1200 сомду түзөт. Аны социалдык абалына карабастан 3 жашка чейинки бардык балдар алышат.

Анын айтымында, калктын 38%ын балдар түзөт.

«Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 33%, 3 жашка чейинки балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли 37%ды түзөт. «Бала ырысы» жөлөк пулун 440 - 470 миң бала алат деп күтүлүүдө», - деди Байгончоков.

Мындан сырткары, ал жөлөк пулду алууга арыздарды эки жол менен берүүгө болорун билдирди. Алар төмөнкүлөр:

- «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө берүү;

- Эмгек министрлигинин аймактардагы жергиликтүү башкармалыктары аркылуу өтүнмө берүү.

Ошондой эле, арыз ээлери эки мамлекеттик банктын — «Айыл Банк» же «Элдик Банктын» биринен эсеп ача алышат.

«Учурда калган банктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деп кошумчалады ал.

Министрдин орун басары бул иш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги, Президенттин иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси, Кадастр, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик сыяктуу башка мамлекеттик органдар да тартылганын белгилеп өттү.

Последние новости