www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда биринчи жолу үч бейтапка заманбап зымсыз электрокардиостимулятор орнотулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов билдирди.
Анын айтымында, Францияга болгон иш сапарынын алкагында Париж шаарындагы ири ооруканалардын бири менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында француз адистери Кыргызстанга үч заманбап кардиостимуляторду гранттык негизде берүү боюнча макулдашууга жетишкен.
Бул жаңы технологиялык аппараттар жүрөккө жетүү кыйын болгон учурларда, кан тамырларында көйгөйү бар же инфекция жуктуруп алуу коркунучу жогору бейтаптар үчүн колдонулат.
Операциялар 2026-жылдын сентябрь айында Улуттук кардиология жана терапия борборунда француз дарыгерлеринин катышуусунда мастер-класстын алкагында жүргүзүлөт.
Министрдин маалыматына караганда, мындай зымсыз кардиостимуляторлор Кыргызстанда буга чейин эч бир бейтапка орнотулган эмес.